Телефондун балансынан төлөм жүргүз
Телефонуңуздун балансы - көптөгөн кызматтар үчүн акы төлөй турган эсебиңиз
Кыргызстандын калкынын арасында эң таанымал бренд
Төлөмдү телефондун балансынан түздөн-түз жана комиссиясыз төлөө. Төлөөчү каражатын жана убактысын үнөмдөйт
Бир-эки саат кезек күтпөстөн, ылдам жана ыңгайлуу
Каалаган учурда жана бардык жерде
Ар бир өнөктөш биз үчүн өзгөчө
MegaPay'дин артыкчылыктарын баалаңыз - мобилдик тиркемени Google Play жана App Store'дон жүктөп алыңыз же жаңылаңыз.
MegaPay аркылуу Кыргызстандын бардык аймактарынан төлөм жүргүзө аласыз. Бул каржылык ыңгайлуу инструмент экранды бир нече басуулар менен эле көптөгөн кызматтарды пайдаланууга шарт түзөт.
MegaPay – жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!
MegaPay аркылуу каржы операцияларын жургузуу тез жана женил болуп калды. Сиз «Чечип алуу» болумуно кирип, «картанын номерин» жана «толом суммасын» киргизип картанын балансын комиссиясыз заматта толуктай аласыз.
Эми каржы операцияларын аткаруу ылдам жана ыңгайлуу болуп калды. MBank Online мобилдик банкингин заматта комиссиясыз толуктаңыз. “Банк кызматтары" бөлүмүнө өтүңүз. Бир жолку максималдуу төлөм суммасы 5000 сомду түзөт.
Эми автоунаа айдоочулары "бакыт каттарын" күтпөй, жол эрежесин бузгандыгы үчүн төлөнбөгөн айып пулдун бар же жоктугун өз алдынча текшере алат. Кызматтын колдонуучулары эреже бузуулар жөнүндө SMS -билдирүүлөрдү автоматтык түрдө алышат жана тиркемеден чыкпай туруп, айып пулдарын төлөй алышат. Айып пулдар жөнүндө билдирүү алып турууга жазылуу акысыз. Бул кызмат күн сайын айып пулдар жөнүндө маалыматты текшерип турат. Алар табылса, абонентке SMS келет. Жолдо жүрүүнүн эрежесин бузгандык үчүн айып пулду тез, кезексиз жана ыңгайлуу учурда төлөй аласыз.
MegaPay платформасына/сервисине кошулуу келишимин түзүү жөнүндө расмий сунуш
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.
1.1. Ушул документ “Кыргызмобайлкомпани” ЖЧКсынын (текст боюнча мындан ары – Системанын оператору) үчүнчү жактын пайдасына төлөмдөрдү жана эсептерди кабыл алуу, жүргүзүү, тиешелүү банктын офертасын кабыл алуу шарттарында коммерциялык банктын электрондук капчыгын/эсептешүү эсебин ачуу жана башка ушул сыяктуу сервистерди көрсөтүү; электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү, MegaPay тиркемесинин (мындан ары – MegaPay) платформалары/сервистери колдонулган башка сервистеринин жеке жактар менен (бул офертада көрсөтүлгөн шарттарды толук кабыл алган аракетке жөндөмдүү/укуктук жөндөмдүү), мындан ары Кардар, Колдонуучу же Төлөөчү, текстте мындан ары биргелешип тараптар деп аталуу менен, ушул Офертада жазылгандай шартта кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу келишим түзүү жөнүндөгү расмий сунушу (Жалпы жарыя-сунуш) (мындан ары – «Оферта») болуп эсептелет.
1.2. Оферта MegaPay тиркемесин колдонуу менен Кызмат көрсөтүү жөнүндөгү келишимдин (текст боюнча мындан ары – Келишим) бардык маанилүү шарттарын камтыйт жана КРдин Жарандык кодексинин 387-беренесине ылайык, Кардар/Төлөөчү/Колдонуучу тарабынан Ушул Офертада каралган иш-аракеттер аткарылгандан тарта Келишим күчүнө кирет жана Келишим түзүлгөн болуп эсептелет. Ушул Офертада каралган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу менен, Кардар / Төлөөчү өзүнүн мыйзамдуу укугун, аракетке/ укукка жөндөмдүүлүгүн, жана да Системанын оператору менен келишимдик мамилелерди түзүүгө чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын жоктугун, Офертанын кандайдыр бир өзгөчөлүктөрүсүз жана Офертага толугу кошулуу жолу менен Офертанын шарттарын кабыл алгандыгын тастыктайт.
1.3. MegaPay (текст боюнча мындан ары – MegaPay) платформасы/сервиси колдонуучулардын өнөктөштөрүнүн – каржылык уюмдардын сервистерине жана кызматтарына, жана да кызматтар менен сервистерге жетки алуусун шарттаган MegaPay мобилдик тиркемеси.
1.4. Системанын оператору бул Келишимдеги шарттарды өзгөртүүгө укуктуу. Эгерде Кардар/Төлөөчү/Колдонуучу киргизилген өзгөртүүлөргө макул эмес болсо, ошол замат MegaPay тиркемесин колдонууну токтотууга милдеттүү. MegaPay тиркемесинин сервистерин(сервисин) колдонууну улантуусу Кардардын/Төлөөчүнүн/Колдонуучунун ал өзгөртүүлөргө макул экендигин ырастайт.
1.5. Кардар/Төлөөчү/Колдонуучу абоненттик түзмөктүн ээси жана КРдин мобилдик байланыш оператору менен Байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишими бар болгон абоненттик номердин колдонуучусу болушу керек. Кардар/Төлөөчү/Колдонуучу Кыргыз Республикасынын мобилдик оператору менен Байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөн абоненттик түзмөктүн ээси жана абоненттик номердин колдонуучусу болууга тийиш.
1.6. Ушул Офертанын актуалдуу/учурдагы версиясы мобилдик тиркемеде жана https://megapay.kg/ веб-сайтында MegaPay кызматтарын жана сервистерин иш жүзүндө колдонуу башталганга чейин, Кардардын/Төлөөчүнүн/Колдонуучунун сөзсүз түрдө таанышып чыгуусу үчүн жайгаштырылды.
1.7. Жогоруда белгиленген 1.1.- пунктуна ылайык, MegaPay сервистеринин тизмеси толук эмес жана Колдонуучуга кошумча/өзүнчө эскертүүсүз, MegaPay тиркемесинде жана https://megapay.kg/ сайтында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу Системанын оператору тарабынан бир тараптуу түрдө өзгөртүлүшү жана/же толукталышы мүмкүн. Ушул Келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн тизмеге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизгенден кийин, MegaPay колдонуучусунун тиркеменин кызматтарын колдонууну улантуусу Колдонуучунун толук макулдугун билдирет.
2. АНЫКТАМАЛАР:
2.1 Жалпы жарыя - сунуш (же Оферта): сунушталган шартта келишим түзүү жөнүндө жана аныкталбаган жактардын тобуна даректелген келишимдин бардык маанилүү шарттарын камтыган сунуш.
2.2. Акцепт: Оферта даректелген тараптын жообу (Офертаны кабыл алуусу жөнүндө).
2.3. Системанын оператору: MegaPay системасынын талаптагыдай иштөөсүн камсыздоо функцияларын аткарган “Кыргызмобайлкомпани” жоопкерчилиги чектелген коому.
2.4. Агент: “Альфа Телеком” жабык акционердик коому. Ал түзүлгөн келишимдердин негизинде Системанын оператору тарапка Колдонуучулардан төлөмдөрдү кабыл алуу ишмердүүлүгүн ишке ашырат.
2.5. Авторизациялоо: Колдонуучу өзү катары көрсөткөн жеке адам Колдонуучунун атынан иш алып бара тургандыгын белгилөө жана тастыктоо механизми/процесси.
2.6. Кардар/Төлөөчү/Колдонуучу: MegaPay’ди колдонгон, ушул Офертада сунушталган шарттарда келишим түзүү сунушун өзүнүн атынан же юридикалык жактын атынан кабыл алган укуктук жөндөмдүү/аракетке жөндөмдүү жеке жак (юридикалык жактан тиешелүү ыйгарым укуктары бар экендигин кепилдеген).
2.7. Электрондук форма: Мобилдик тиркеменин дисплейинде чагылдырылган маалыматтар Формасы, ушул Офертанын бир бөлүгү болуп саналат жана Кардардын/Төлөөчүнүн/Колдонуучунун MegaPay тиркемесин колдонуусунда өзүнүн оюн (макулдугун/каршылыгын) билдирүүсүнө шарт түзөт.
2.8. Тарифтер: MegaPay тиркемесинде көрсөтүлгөн сервистер/кызматтар үчүн сый акылардын /комиссиянын өлчөмү каралган тарифтер.
3. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ ЖАНА КАТТАЛУУ/АВТОРИЗАЦИЯЛОО ТАРТИБИ:
3.1. Бул келишим MegaPay’ди пайдалануу шарттарын жана тартиптерин аныктайт жана бекитет.
3.2. Колдонуучу мобилдик тиркемеге кирүүдө MegaPay колдонуучусу катары катталат. Каттоо үчүн Колдонуучунун абоненттик номерин көрсөтүүчү/белгилөөчү идентификатор катары логин жана үчүнчү жактардын уруксатсыз кирүүсүнөн коргоо максатында белгилүү бир символдордон, сандардан турган жашырын сөз колдонулат. Логинди жана жашырынсөздү колдонуу менен түзүлгөн бардык буйруктар/макулдуктар/арыздар/башка документтер Колдонуучунун өзү кол койгон кагаз түрүндөгү документтерине теңештирилет, ошондой эле өз кол тамгасынын (жөнөкөй электрондук кол тамга) аналогу болуп саналат.
3.3. MegaPaу тиркемесинде айрым операцияларды ишке ашырууда, Колдонуучунун абоненттик номерине СМС-билдирүү катары жөнөтүлгөн кошумча кодду /жашырынсөздү киргизүү зарыл болот.
3.4. Катталууда/авторизациялоодо (айрым учурда кийинчерээк сурашы мүмкүн) идентификациялоо максатында, Колдонуучу MegaPay мобилдик тиркемесинин тиешелүү талаачаларында жазылуучу маалыматтарды бериши керек. Колдонуучу берилген маалыматтардын так/туура/актуалдуу жана толук экендигин тастыктайт, мында Колдонуучу тиешелүү маалыматты берүү жолу менен мындай маалыматтардын актуалдуулугун/аныктыгын дайыма камсыз кылууга милдеттенет.
3.5. Колдонуучу тиркемени, жашырын сөздөрдү, логиндерди менен жеке/өзү, аны үчүнчү жактарга бербей пайдалана тургандыгына кепилдик берүүгө милдеттендирилет. Колдонуучу мындай маалыматты (жеке маалыматтарды камтышы мүмкүн) үчүнчү жактарга берген учурда, жана/же маалыматтын ачыкка чыгышы жөнүндө системанын операторуна/агентине өз убагында билдирбеген учурда, келип чыккан ар кандай зыян тартуулар жана/же талаптагыдай эмес пайдалануу үчүн Колдонуучу жоопкерчилик тартат.
3.6. MegaPay’де колдонулган программалык жана техникалык каражаттар (жабдуулар, программалык камсыздоо) КРдин мыйзамдарында каралган талаптарга жана коопсуздук боюнча талаптарга, анын ичинде маалыматтык коопсуздук талаптарына да жооп берет. Колдонуучулардын суроолоруна тиешелүү түрдө жана өз учурунда жооп берүү максатында, *500, 0(990) 800 800 колл-борборлору иштейт.
3.7. Системанын оператору/агенти тарабынан анын маалыматтарын – документтерди текшерүүнүн, КРдин мыйзамдарына ылайык зарыл болгон жол-жоболордон жана коопсуздук текшерүүлөрүнөн өтүүсүн текшерүүнүн жыйынтыгында Колдонуучуну каттоодон/авторизациялоодон өткөрүүдөн баш тартуу же сервистердин/кызматтардын чектелиши мүмкүн экендигине макул.
3.8. Колдонуучунун тиркемеде операцияларды жүргүзүү боюнча буйруктары/көрсөтмөлөрү Колдонуучунун өзү тарабынан тиешелүү талаачаларга маалыматтарды, реквизиттерди жазуу/көрсөтүү жолу менен жана MegaPay тиркемесиндеги тиешелүү баскычтарды (Төлөм жүргүзүү, Төлөмдү тастыктоо, улантуу жана башка) басуу менен ишке ашат.
3.9. Тарифтер MegaPay тиркемесинде Колдонуучу төлөмдү жүргүзгөнгө чейин көрсөтүлөт. Колдонуучунун тиешелүү операция боюнча иш-аракетин улантуусу анын Тарифтер менен макулдугун билдирет.
4. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
4.1. Колдонуучу төмөнкүлөргө милдеттендирилет:
- MegaPay тиркемесин мыйзамдарга каршы максаттарда эмес, КРдин мыйзамдарынын талаптарына ылайык
пайдаланууга;
- MegaPay тиркемесине катталууда жана аны пайдалануу мөөнөтүндө актуалдуу/толук/анык маалыматтарды
көрсөтүүгө;
- MegaPay тиркемесинин кызматтарын пайдалануу мөөнөтүндө анын идентификатору катары колдонулган же
идентификатору болгон жеке маалыматтары өзгөрсө, абоненттик номери алмашса, SIM-картасы, абоненттик
түзмөгү жоголуп/уурдалса, жеке маалыматтары/кооптуу жагдай жаралса, жеке башка жактардын жеткиси
же/жана башка жагдайлар болсо өз учурунда тезинен билдирүүгө.
4.2. Системанын оператору:
- Колдонуучунун маалыматтарын – документтерди текшерүүнүн, КРдин мыйзамдарына ылайык зарыл болгон
жол-жоболордон жана коопсуздук текшерүүлөрүнөн өтүүсүн текшерүүнүн жыйынтыгында Колдонуучуну
каттоодон/авторизациялоодон өткөрүүдөн баш тартууга же сервистерди/кызматтарды чектөөгө укуктуу;
- MegaPay тиркемесинде мыйзамсыз операцияларды/иш-аракеттерди жүргүзүүнүн потенциалдуу
тобокелчиликтерин жана мыйзамсыз иштердин жүрүшүн минималдаштыруу максатында каалаган маалыматтарды,
анын ичинде Колдонуучу катталууда/авторизацияда көрсөткөн маалыматтарды бардык ачык булактардан жана
маалыматтык базалардан суроого/иштеп чыгууга/текшерүүгө укуктуу;
- MegaPay тиркемесинин программалык камсыздоосун иштеп бүтүрүүгө/модификациялоого укуктуу, мындан
тышкары, программалык каражат/программалык камсыздоо иштеринде үзгүлтүктөр болсо профилактикалык
жана оңдоо жумуштарын жүргүзүү үчүн, MegaPay тиркемесинин иштөөсүн токтотуп тура алат;
- Фрод, алдамчылык, акчаны адалдоо иш-аракеттерине шек жаралганда же мындай иш-аракеттер
аныкталганда, Колдонуучуга алдын ала билдирбестен, MegaPay тиркемесин колдонуу мүмкүнчүлүгүн чектей
алат;
- Ушул Келишимдин (Офертанын) шарттарына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө MegaPay мобилдик
тиркемесинде жана https://megapay.kg сайтында маалымат жайгаштыруу менен Колдонуучуларга билдирет;
- MegaPay тиркемесинде кызматтарды жана сервистерди колдонуу үчүн, Тарифтерге ылайык комиссия алууга
жана белгилөөгө укуктуу;
- Үчүнчү жактар тарабынан көрсөтүлгөн сервистердин жана кызматтардын сапатына жоопкерчилик албайт;
- Лимиттер, тарифтер, опциялар, кызматтардын/сервистердин жеткиликтүүлүгү жана башка шарттар
Колдонуучунун идентификациялоодон жана верификациялоодон өтүү тартибинен көз каранды. Ошол эле
учурда жогоруда тизмектелгендер менен байланышкан кандайдыр бир чектөөлөр Системанын оператору/Агент
тарабынан эреже бузууга же тиешелүү милдетин аткарбагандыкка кирбейт.
5. ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАР ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК
5.1. Системанын оператору технологиялык мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, MegaPay тиркемесинин функционалын убактылуу топтотуп турууга укуктуу;
5.2. Кардар/Төлөөчү/Колдонуучу MegaPay тиркемесин туура/так колдонуу, MegaPay’дин электрондук формаларын толтуруу үчүн өз алдынча жоопкерчилик тартат. Системанын оператору/Агент Кардар/Төлөөчү/Колдонуучу MegaPay’ди туура эмес/так эмес колдонгондугунун кесепетинен келип чыккан зыянга, абоненттик түзмөктү же номерди жоготуп/уурдатып алгандыгына, Колдонуучунун идентификаторун/башка жеке маалыматтарын жайылткандыгына, MegaPay электрондук формаларын туура эмес толтургандыгына түз да, кыйыр да жоопкерчилик албайт.
5.3. Системанын оператору Системанын операторуна/Агентке тиешелүү болбогон программалык камсыздоонун же жабдууларынын иштөөсү үзгүлтүккө учураган учурда, MegaPay тиркемесинде көрсөтүлбөгөн кызмат/сервистер үчүн жооп бербейт.
5.4. Системанын оператору/Агенти MegaPay кызматтарын көрсөтүүдө андан көз каранды болбогон жагдайларда (электр энергиясы өчсө, байланыш түйүнүнүн ишине күч келсе, маалыматтарды өткөрүү каналдары бузулса/үзгүлтүккө учураса, интернет-провайдерлер тараптан интернет берүү өчсө, үчүнчү жактар жабдыктарын алмаштырып жатса, программалык же/жана аппараттык камсыздоону модернизациялоо мутаждыгынан улам программалык камсыздоо иштерин жүргүзүү жана башка) иши толук түрдө же айрым бөлүктөрүнүн иши үзгүлтүккө учураса жооптуу болбойт.
5.5. Тараптар милдеттерин аткарууда келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишестиктер ушул Келишимге ылайык, сүйлөшүү жолу менен чечилет. Сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүн болбогон учурда, КР мыйзамдарына ылайык, алар соттук тартипте каралууга тийиш.
6. КОРУТУНДУ ЖАНА КЕЛИШИМДИН ИШ-АРАКЕТИ
6.1. Бул Келишим КРдин Жарандык кодексинин 387-беренесине ылайык, кошулууга макулдашуу формасында түзүлөт. Кардар/Төлөөчү/Колдонуучу Келишимди документте көрсөтүлгөн, Офертанын акцепти болуп саналган башка иш-аракеттерди аткаруу аркылуу бардык шарттар (MegaPay платформасын пайдалануу жана MegaPay тиркемесинде жеткиликтүү болгон функционалдарды пайдалануу/улантуу) менен таанышкандан кийин түзөт.
6.2. Келишимди бузуу ушул Келишимдин негиздерине ылайык каралат же КРдин мыйзамдарына ылайык ишке ашат.
7. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАР ЖАНА КУПУЯЛУУЛУК
7.1. Кардар/Төлөөчү/Колдонуучу MegaPay’ди пайдаланууда Системанын операторуна өзүнүн жеке маалыматтарын берген учурда, Кардар/Төлөөчү Системанын операторуна жеке маалыматтарын топтоого, сактоого, иштеп чыгууга жана жөнөтүүгө макулдугун да берген болот.
7.2. Кардар/Төлөөчү/Колдонуучу каалаган учурда өзүнүн макулдугун Кардар/Төлөөчү/Колдонуучунун тиешелүү арызын жазуу менен кайра кайтарып алууга укуктуу.
7.3. Системанын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кардарлардын / Төлөөчүлөрдүн жеке маалыматтарынын купуялуулугун сактайт жана аларды жок кылуудан / өзгөртүүдөн/ бөгөттөөдөн, уруксатсыз кирүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле Кардарлардын / Төлөөчүлөрдүн жеке маалыматтарынын купуялуулугуна байланыштуу мыйзамсыз башка аракеттерден коргоо үчүн зарыл чараларды көрөт.
8. ФОРС-МАЖОР
8.1. Эгерде мындай аткарбай калуу милдеттенменин мүнөзү боюнча Тараптан талап кылынган ак ниеттүүлүк, акылдуулук жана камкордук деңгээли менен акылга сыярлык чараларды көрүүгө жана алдын ала четтетүүгө мүмкүн болбогон, ал жетпеген күчтүн кесепети болсо (форс-мажордук), Тараптар Келишим боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толугу менен аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
8.2. Форс-мажордук жагдайлар төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок алар менен чектелбейт: суу ташкыны, өрт, жер титирөө, жарылуу, бороон, жер кыртышынын чөгүшү жана башка табигый кубулуштар, эпидемиялар, ошондой эле согуш же согуш аракеттери, массалык башаламандыктар, мамлекеттик бийлик же башкаруу органдары тарабынан Келишимди аткаруунун мүмкүн эместигине, анын ичинде Тараптардын мүлкүн / эсептешүү эсептерин камоого алып келген чечимдин, актынын кабыл алынуусу.
8.3. Форс-мажордук жагдайлар жоюлган учурда, Келишимдин аракет мөөнөтү форсмажордук кырдаалдардын узактыгына барабар мөөнөткө узартылат.
8.4. Форс-мажордук абалдын болушу жөнүндө, ошондой эле анын болжолдуу мөөнөтү тууралуу бул абалга туш болгон Тарап кийинки Тарапка абалы тууралуу мүмкүн болушунча тез аранын ичинде, бирок ал кырдаал түзүлгөндөн кийинки беш жумуш күнүнөн кеч эмес убакыт ичинде жазуу түрүндө билдирет. Жазуу түрүндөгү билдирүүнү жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, аны ушул Офертада көрсөтүлгөн электрондук дарекке электрондук түрдө жөнөтөт. Тараптын мындай кырдаал боюнча билдирүү жөнөтпөгөндүгү же өз учурунда билдирбегендиги андан форс-мажордук абалга таянуу укугунан ажыратат.
8.5. Эгерде форс-мажордук абал 3 (үч) айдан көп убакытка созулса, тараптар экинчи Тарапка 10 (Он) жумушчу күн мурда Келишимди бузуу жөнүндө билдирүү жөнөтүү менен Келишимди бузууга укуктуу.
8.6. Форс-мажордук кырдаалга туш болгон тарап, ал жеткис күчтүн жагдайлары аяктаган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде, экинчи Тарапка алардын келип чыгышын жана токтогондугун тастыктоо үчүн тиешелүү компетенттүү органдын (КР үчүн – Соода-өндүрүш палатасы) документин берүүгө милдеттүү. Бул учурда мөөнөттүн негиздүүлүгү тиешелүү компетенттүү органдын документ жүгүртүлүшүнүн тартиби менен аныкталат.
9. ШТАТТАН ТЫШКАРКЫ АБАЛ ЖАНА АЛДАМЧЫЛЫК
9.1. Штаттан тышкаркы абал жана/же башка системада кандайдыр бир тобокелдиктер жаралган учурда, эгерде ал процесстердин эрежелерине жана өзгөчөлүктөрүнө кирбеген шартта болсо, анын ичинде төлөм системасын же төлөм инфраструктурасын ишке ашырууда техникалык/маалыматтык/технологиялык тобокелдиктер болсо, ал абал белгилүү болгондон/катталгандан баштап 24 (жыйырма төрт) сааттын ичинде Кардар/Төлөөчү/Колдонуучуга анын убактылуу иштебегендиги жөнүндө ачык маалыматтык булактар/ресурстар аркылуу маалымдалат. Жаралган көйгөйлөрдүн чечилгендиги боюнча маалымат дагы ушундай шартта берилет.
9.2. Алдамчылык учурлары келип чыккан учурда же ушул Офертанын шарттарына жана анын натыйжасында келип чыккан укуктук мамилелерге кандайдыр бир жол менен байланышкан алдамчылык фактыларынын пайда болуу ыктымалдыгына шектенүү болгон учурда, жогоруда аталган фактыларга байланыштуу келип чыккан бардык талаш-тартыштар КРдин мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жөнгө салынууга тийиш.
10. СИСТЕМАНЫН ОПЕРАТОРУНУН РЕКВИЗИТТЕРИ
“Кыргызмобайлкомпани” жоопкерчилиги чектелген коому, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Сүйүмбаев көчөсү 123.
Байланыш номери: +996 (990) 800 800
Email: kyrgyzmobilecompany@gmail.com
2020-жылдын 8-январындагы № 3028080120 жана №2027080120 КРУБ лицензиялары
MegaPay – это мобильный кошелек для оплаты различных сервисов и услуг средствами, находящимися на лицевом счете абонента MegaCom (баланс телефона).
Достаточно скачать и установить приложение MegaPay (доступно в GooglePlay, AppStore).
Если вы совершили платеж с лицевого счета (баланса телефона), то необходимо обратится по номеру 996 990 800 800 (звонок бесплатный для абонентов MegaCom).
Если вы совершили платеж с Кошелька, то необходимо обратится в ОАО «Дос-Кредобанк», подробнее можно узнать по номеру 8686.
В приложении MegaPay доступен вывод денежных средств на банковские карты:
Если Вы прошли удаленную идентификацию в приложении:
Баланс телефона (зеленая сторона):
Максимальный размер одного платежа составляет 15 000 сомов, минимальный – 5 сомов.
Максимально допустимая сумма всех платежей пользователей в месяц составляет 60 000
сомов.
Если Вы прошли идентификацию в Центрах Продаж и обслуживания:
Баланс телефона (зеленая сторона):
Максимальный размер одного платежа составляет 15 000 сомов, минимальный – 5 сомов.
Максимально допустимая сумма всех платежей в месяц составляет 200 000 сомов.
Баланс кошелька (фиолетовая сторона):
Максимальный размер одного платежа составляет 15 000 сомов, минимальный – 5 сомов.
Максимально допустимая сумма всех платежей в месяц составляет 300 000 сомов. Держать
на
балансе кошелька не более 70 000 сом.
Удаленную идентификацию Вы можете пройти в мобильном приложении MegaPay.
Для прохождения полной идентификации Вам необходимо обратиться в любой центр продаж и обслуживания компании MegaCom при себе обязательно необходимо иметь паспорт.
Всю информацию Вы можете просмотреть в Личном кабинете мобильного приложения MegaPay.
Для абонентов MegaCom трафик бесплатный (оплата предусмотрена только при скачивании самого приложения).
Спасибо! Заявка отправлена.
Что-то пошло не так. Пожалуйста попробуйте позже или свяжитесь с нами по телефону.